Кыргызстанда бир суткада пневмония жана COVID-19 оорусунун дагы 106 жаңы учур аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 61, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 40, Ысык-Көлдө 1, Жалал-Абадда 1, Баткенде 2 учур катталган.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө жугуштуу пневмония жана COVID-19 87 миң 758 учур катталды.