7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө 29-мартта башталат

647

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда Ош шаарына жана Чүй облустарына вакцина жеткирүү иштери аткарылууда. Ошондой эле илимий-техникалык адистер тобу тарабынан колдоо процесси жүрүүдө.
Республиканын бардык аймактарында медкызматкерлер үчүн атайын окутуп-үйрөтүүлөр өтүп жатат.

Эмдөө алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 5 үй-бүлөлүк медицина борборунда эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат.

Борбор Азия мамлекеттери боюнча алсак, Казакстанда эмдөө 1-февралда башталган. Тажикстан болсо кечээ, 23-мартта жапырт баштады. Ал эми Өзбекстан болсо эмдөө 1-апрелден тарта ишке кирерин жарыялады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

648