7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

COVID-19. Бишкек шаары «кызыл зонага» кирди

1222

Коронавирус күчөп жаткандыктан Бишкек шаары «кызыл зонага» киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү, эпидемиолог Зуридин Нурматов билдирди.
«Үч күндөн бери Бишкек шаары «кызыл зонада» турат. Чүй аймагы «сары зонага» кирип калды. Калган региондордо абал дурус», — деди Нурматов.

Министрлик илдетке чалдыккан адам өзү жүргөн чөйрөсүндө канча адамга жугузду деген көрсөткүч менен өлчөп турат. Эгерде бир адам 50дөн ашык адамга жугузган болсо ал аймак «кызыл зонага» өтөт.

Республикалык ыкчам штабдын 5-апрелдеги маалыматына караганда, соңку суткада Кыргызстанда илдет дагы 139 кишиден аныкталып, бир адам каза тапты. Ал эми бир күн мурда илдеттен төрт адам көз жумган.

Ооруканада 648 адам бул вирус менен алышып жатат. 34 бейтап өтө оор абалда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1223