7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

COVID-19: Каза болгондордун саны 5 миллиондон ашты

700

Дүйнө жүзүндө коронавирустан көз жумгандардын саны 5 миллиондон ашты. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирет.

Маалыматка ылайык, эмдөө жай жүргөндүктөн, пандемия дүйнөнүн айрым аймактарында басаңдаса, Чыгыш Европа сыяктуу кайсы бир региондордо кайра күчөп жатат.

Коронавирустан жабыркаган өлкөлөрдүн сап башында АКШ, Бразилия, Индия, Мексика, жана Орусия турат.

Эскерте кетсек, Орусия 30-октябрдан 7-ноябрга чейин көпчүлүк мамлекеттик мекемелер жана жеке бизнестер үчүн каникул жарыялады. Украинанын баш калаасы Киевде да 1-ноябрдан тарта жаңы эрежелер ишке кирип, жарандар ресторан-кафелерге, спорт залдарына жана соода түйүндөрүнө кирүү үчүн коронавируска каршы эмделгенин же тесттен өткөнүн күбөлөгөн сертификаттарды көрсөтүшү керек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

701