7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

COVID-19: Өлкөдө вирус жуктургандар көбөйө баштады

932

Соңку суткада өлкөдө коронавирус илдетинин 28 жаңы учуру катталды. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен кабарлашкандай, анын ичинен 20 адам оорунун белгилери пайда болгон үчүн ооруканага кайрылган, эки учур Өзбекстан менен Казакстандан келген жарандардан аныкталган. Дагы алты учур ПЦР изилдөө учурунда аныкталган.

«Коронавирус жуктуруп алгандардын 20сы үйдө дарыланууга жиберилди, экөө ооруканага жаткырылды» деп айтылат маалыматта.

Адистер акыркы жумада оорунун өсүшү байкалганын билдирет. Учурга карата бардык аймактар жашыл зонада.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавирустун 201 миң 243 учур катталды. Илдеттин кесепетинен 3 миңге чукул киши каза болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

933