7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

COVID-19 вакцинасынын өндүрүүчүлөрү миллиардер болушту

643

Moderna менен BioNTech компанияларынын жетекчилери, коронавируска каршы вакцина чыгарган дагы жети киши менен бирге миллиардер болушту.  Бул тууралуу Oxfam уюму билдирди.

Маалыматка ылайык,уюмдун эсебине карата, Moderna компаниясынын башкы директору Стефан Банселдин байлыгы 4,3 миллиард, BioNTech компаниясынын башкы директору Угур Шахиндин байлыгы 4 миллиард долларга жеткен.

Жаңы миллиардерлердин тизмесине дагы төрт киши – Moderna компаниясынын иммунологу Тимоти Спрингер (2,2 миллиард), директорлор кеңешинин төрагасы Нубар Афеян (1,9 миллиард), вакциналардын таңгактарын чыгарган компаниянын жетекчиси Хуан Лопес-Бельмонте (1,8 миллиард) жана окумуштуу Роберт Лэнжер (1,6 миллиард) кирди.
Дагы үч миллиардер Convidicea вакцинасын чыгарган кытайлык CanSino Biologics компаниясынын тең түзүүчүлөрү болуп эсептелет. Алардын байлыгы 1,3 миллиард долларга чейин жетти.Oxfam белгилегендей, тогуз миллиардердин жалпы байлыгы вакциналардын бир дозасынын баасын эсепке алганда, 780 миллион кишини эмдөөгө жетмек.

Эскерте кетсек,“Оксфам” (Oxfam) уюму — дүйнөдө жакырчылыкты жоюу багытында иш жүргүзгөн кайрымдуулук уюмдарынын эл аралык бирикмеси.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

644