7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

COVID-19. Жалал-Абадда карантиндик айрым чектөөлөр киргизилди

9287

Кыргызстандын аймактарында коронавирус илдетине байланыштуу айрым чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чектөөлөр илдет күч алып жаткандыктан бүгүн, 27-апрелде шаардык штабдын отурумунда кабыл алынган.

1-майдан тартып мамлекеттик мектептер аралыктан окууга өтөт. Болгону 9-11-класттар гана салттуу режимде окууну улантат. Мектеп окуучуларынын арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталып жаткандыктан калган класстар үчүн онлайн режим кайрадан күчүнө кирет. Ал эми жеке менчик мектептерге рейд жүргүзүлүп, окуучулардын санына жараша чечим кабыл алынат.

Коомдук жайларга болгон текшерүү күчөтүлөт. Тамактануучу, эс алуучу жайлар, кафе-ресторандар, мечиттер тыкыр көзөмөлдөнөт. Алгач санитардык эрежелерди сактоо боюнча эскертүү берилет. Андан соң рейд жүргүзүлүп, талаптарды сактабагандарга чектөө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

9288