7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты

565

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Тыныбекова Дүйнө биринчилигине 62 кг чейинки салмактык категориясында 1/16 финалдан тарта катышууда. Кыргыз балбаны польшалык жана молдовалык эки атаандашынын тең далысын жерге басып, таза жеңиш менен чейрек финалга өттү.

Чейрек финалда кыргыз балбаны 2:2 эсебинде украиналык Ирина Коляденкону сапаты боюнча жеңип, турнирдин жарым финалына чыкты. Ал эми финалга чыгуу үчүн күрөштө кыргызстандык спортчунун атаандашы германиялык Луиза Ниемеш болмокчу.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүүдө. Аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

566