7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнө чемпионатында Абдымалик Карачев күмүш медалга татыды

407

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Абдымалик Карачев Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында күмүш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Спортчу 57 кг чейинки салмакта катышты. Алгач 1/8 финалдык беттеште кытайлык балбанды 9:4 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.

Кыргыз балбаны 1/4 финалдык беттеште американын балбанын 1:1 эсебинде, жарым финалдык беттеште ирандык спортчуну 4:3 эсебинде утуп финалга чыкты.

Алтын медаль үчүн беттеште индиялык спортчу Чираг Чирагга жеңилип, өз салмагында күмүш медалга ээ болду.

 

 

 

 

 

408