7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөдөгү эң кичинекей кыз Йотинин бою жеке жашоосуна тоскоол болгон эмес

961

Йоти Амгэ Гиннестин рекорддор китебине кирген дүйнөдөгү эң кичинекей кыз. Анын бою болгону 62,8 см, салмагы 5,2 килограмм. Ал 1993-жылы 16-декабрда Индиянын Нагпур шаарында төрөлгөн.

Йоти мектепте кадимкидей эле билим алган. Ага ата-энеси боюна ылайыктап стол менен отургуч алып берген. Мектепте жакшы окуп, классташтарынан артта калбаганга аракет кылган. Йотини абдан шайыр жана кызыктуу экенин тааныштары көп жолу белгилеп келишкен.

Классташтары ага жылуу мамиле жасап, баарлашып эч качан бөлүп коюшкан эмес. Анын тамак жеген идиши дагы чоң болуп калат эле, апасы ага ылайыктуу чакан идиштерди сатып берген. Кыздын апасынын айтымында, болочок кино жылдызынын өсүшү 5 жашка чейин нормалдуу болгон. Кийинчерээк “ахондроплазия” диагнозунан улам бою өспөй калганы белгилүү болгон. Кыз арыктап, салмак кошуп, бирок бою эч өспөй койгон. Кыздын эки бутун сындырып алган учуру анын абалына катуу таасир берген. Атасы Кишанжи кызын кичинекей кезинде жыгылтып алган. Ошол учурдан тартып ал өзү 10 мүнөт да баса албайт, бирок, бактыга жараша, ага ар дайым жардам берүүгө даяр адамдар бар.

2009-жылы Йоти Амгэ дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурган. Индиянын сыналгысында дарыгерлер кыздын боюн өлчөгөн. Ал кезде бою 61,9 см болгон. Бул анын өспүрүмдөр арасында эң кичинекей экенин далилдеген.

Ал актриса болууну кыялданчу, анын өзгөчөлүгү шоу-бизнеске жол ачкан. Натыйжада, 2009-жылы “Body Shock: Two Foot Tall Teen” тасмасында роль жараткан. Андан соң белгилүү Бхангра Мики Сингханын клибинде роль жараткан. Кийинчерээк, 2011-жылдын 16-декабрында, Амге 18 жашка толгондо, Гиннесстин рекорддор китеби аны бою 62,8 см жана салмагы 5,2 кг болгон планетадагы эң кичинекей кыз деп жарыялаган. Ал эми 2012-жылы Йоти Тео Маммукари менен бирге италиялык телеканалда программанын алып баруучу болуп иштеген.

 

2014-жылы Йоти Амге карьералык тепкичке көтөрүлүүнү улантып, келишимге кол коюп, «Американская история ужасов» сериясынын 4-сезонунда Ма Петиттин ролун алат. Ал TLC Extraordinary people долбоорунун каарманы болот.

Анын дагы бир кыялы саякаттоо болгон. Рекорддор китебинин сертификатынын аркасында ал аны аткарууга жетишти. Ал Япония, Италия сыяктуу өлкөлөрдү кыдырган.

Учурда кыз Индиядан АКШга көчүп кетип, карьерасын ошол жактан улантууда. Боюнун кичинекей болгону жеке жашоосуна тоскоол болгон эмес. Йоти сүйүктүүсүн жолуктурган. Ал аны кандай болсо ошондой кабыл алып жакшы көргөн.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

962