Модель Кендалл Дженнер 1995-жылы 3-ноябрда Калифорниянын Лос-Анджелес шаарында туулган. Ал белгилүү Крис Дженнер жана Брюстун кызы.
Голливудду багындырган белгилүү модель Кендалл Дженер тууралуу кызыктуу фактылар.
1. Кендаллдын бою 179 сантиметр салмагы 54 кг.
2. Ал спорттун түрүнөн чуркоону жактырат
3. Кендаллдын инстаграмдагы бир жарнамалык посттунун баасы жарым миллион доллардан башталат.
4. Ал планетадагы эң сулуу кыздардын бири катары таанылып, идеалдуу бет пропорциядагы беш кыздын тизмегине кирген.
5. Дженнер эл алдында сүйлөгөндөн аябай коркот жана тартынат.
6. Кичинекей кезинде көбүнчө эркек балдар менен достошуп, көп боенгонду жактырбачу.
7. Кайрымдуулук иштерге активдүү катышат.
8. Моделдик карьерасын 13 жашында баштаган.
9. Жакындары моделди «Кен, Кени, Кения» деп аташат.
10. Дженнер жеке жашоосу тууралуу комментарий бербейт.
11. Модель атасы тарапка жакын экенин моюнга алат.
12. Эжелеринин ичинен эң жоош жана токтоо мүнөзгө ээ.
13. Ал безетки оорусу менен ооруп, ошондон улам өзүн сулуу эмесмин деп көп кабатыр болчу.
14. Инстаграмда анын 259 млн катталуучусу бар.
15. Дүйнөдөгү моделдердин арасынан Кендалл эң көп акча тапкан модель болуп саналат.