7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөгө таанылып жаткан актёр Мерт Языджыоглу тууралуу фактылар

496

Түрк фильмдерин, сериалдырын көрөрмандарынын жан дүйнөсүнөн түнөк тапкан,  «Kızıl Goncalar (Красные бутоны)» — сериалындагы  башкы каарман Жуниет Гюнешин  ролун жаратып, кино сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн орун алган актер — Мерт Языджыоглу тууралуу фактылар .

1)  Мерт Языджыоглу  1993-жылы 10-майда  Стамбулда (Түркия) жарык дүйнөгө келген.

2)  Орто мектепти аяктагандан кийин,  Стамбулдагы Айдын университетинин Бизнести башкаруу факультетине тапшырган.

3) Мерт Языжыоглу университетте окуп жүргөндө актёр болууга олуттуу карап өзүн актёрдук чеберчиликте өркүндөтүү үчүн Three Mota окуу семинарынан актёрдук чеберчилик боюнча сабак алган. Мындан улам 2-курста жогорку окуу жайын таштоого туура келген.

4) Анын карьерасы 2011-жылы «Народ моега деда»  үй-бүлөлүк тарыхый драмага тартылуу менен башталган.

5) «Потерянный город», «Один литр слез» и «Хорошая игра»- сериалдарына тартылуу  менен таанымал болгон.

6) 2018-жылы түрк актрисасы Афра Сарачоглу  менен  «Хорошая игра» фильмине тартылуу учурунда таанышып кыз-жигит мамиледе болушкан, бирок 2022-жылы сүйлөшпөй калгандыгы  тууралуу социалдык тармактарга чыгарышкан.

7) Языджыоглу бош убактысын үй-бүлөсү жана достору менен өткөрөт. Ал сейилдөөнү, велосипед тепкенди жана китеп окуганды жактырат.

8) Мерт Языджыоглу тартылган фильм, сериалдар: Красные Бутоны (сериал, 2024),  В пух и прах (сериал, 2022),   Время умирать (сериал, 2021),  Грех одной матери (сериал, 2020),  Любовь 101 (сериал, 2020–2021), Один литр слез (сериал, 2018–2019), Хорошая игра (2018),  Завоеватель (сериал, 2018),  Надежда не умирает (сериал, 2016–2017),  Черный цветок (сериал, 2013–2016), Потерянный город (сериал, 2012–2013), Народ моего деда (2011)

 

 

 

497