7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Дүйнө сулууларынын арасында таажы үчүн татыктуу күрөш болду!». Айгерим «Дүйнө айымы» аталды

2923

Ырчы Айгерим Расул кызы Сочиде өткөн «Дүйнө айымы сынагында баш байгени багындырды. Ал социалдык тармактагы баракчасына кыргыз элине ыраазычылык билдирип, жакшы жаңылыгы менен бөлүштү.

«LADY WORLD» сынагына 20 жаштан 40 жашка чейин катыша алат. Ал эми, Queen of the World» го 40 жаштан 50 жашка чейин. Айгерим биринчи категориядагы айымдар арасында жеңишке жетти.

Сынактын негизги максаты— табигый сулуулукту, интеллектуалдык жана чыгармачылык өнүгүүнү, сергек жашоо образын, маданиятты, коомдук иштерге активдүү катышууну көрсөткөн аялдын позитивдүү имиджин калыптандыруу.

«Кечээ Эл аралык Lady World сулуулар сынагынын сыйкырдуу, жаркын, татыктуу финалы болду. Конкурска үч жүзгө жакын заявкалар берилди! Биз эң мыктыларды тандап алдык! Бул дүйнөнүн бардык сулууларынын арасында таажы үчүн татыктуу күрөш болду! Дүйнө айымы 2022 Михайленко Алиса таажысын Айгерим Расул кызына тапшырды! Бул татыктуу жеңиш болду!»-, деп берилет билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бул Эл аралык сулуулук (Lady World) сынагынын продюсери Елена Шамуратова.

Сынак Сочи шаарында 16-сентябрдан 23-сентябрга чейин өттү. Анда 12 өлкөдөн 40 катышуучу чоң байге үчүн ат салышты.

Дүйнөлүк «LADY WORLD» сынагына Кыргызстан мамлекети биринчи жолу катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2924