7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүкөндүн эшигин талкалап, кассадагы акчаны уурдап кеткен шектүү кармалды

297

Чүйдө дүкөндүн эшигин талкалап, кассадагы акчаны уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Аламүдин РИИБине Таш-Дөбө айылынын 31 жаштагы А.Э. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда белгисиз адамдар 14-январдан 15-январга караган түнү арыз ээсинин дүкөнүнө эшикти талкалап кирип, кассадан акча уурдап кетишкен. Келтирилген чыгым аныкталууда.


«Мындан тышкары, Аламүдүн РИИБине ушул сыяктуу дагы эки арыз катталган. Анда жабырлануучулар дүкөндөрдөн уурдоо болгонун айтып, кайрылышкан. Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене «уурдоо» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмыштарды жасоого шектелип 20 жаштагы З.Н. аттуу жергиликтүү тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген», — деп жазылат маалыматта. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

298