Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында Жоламан Шаршенбеков алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында жарыяланды.
Улан-Батор шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин чейрек финалында монголиялык Балжинням Тсевенравданды 8:0 эсебинде утуп алган. Жарым финалда казакстандык Ернур Фидахметовго каршы килемге чыгып 6:1 менен жеңип алган.
Ал эми финалда Жоламан Шаршенбеков ирандык Мехри Мохсенди менен күрөшүп, аны 4:0 эсебинде жеңди.
Белгилей кетсек, буга чейин Акжол Махмудов жана Тынар Шаршенбеков алтын медаль багындырса, Роман Ким (130 кг) коло медалга татыган.