7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дагы бир жасалма диплом фактысы аныкталды

951

Жогорку билими тууралуу жасалма диплом колдонуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттин Баткен районунун чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Баткен облусундагы атайын өкүлү Р.М.Т. жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды.

2004-жылы Р.М.Т., Баткен мамлекеттик университетинде окуганы тууралуу жасалма академиялык аттестат менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юридика факультетине мыйзамсыз тапшырган. 2005-жылы кайрадан Ош мамлекеттик юридикалык институтунун 6-курсуна которулган. Жасалма академиялык сертификатты колдонуу менен ал жогорку билими тууралуу диплом алууга негиз болгон.

Бул факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүмүндө (Документтерди жасалмалоо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

952