Жалал-Абадда жайлоодо жаран өзүн-өзү атып алган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-июнь күнү саат 16:00 чамаларында Таш-Көмүр шаардык ооруканасына, Таш-Көмүр шаарына караштуу Кудук-Сай айылынын тургуну 1979-жылы туулган М.Б.нын жансыз денеси туугандары тарабынан алып келингени кабарланган.
Аталган факты боюнча маалымат Таш-Көмүр ШИИБдин Маалыматтык электрондук журналына катталган.
Тергөө-ыкчам тобу ооруканага барышып, М.Б. жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлгөн учурда, сол тарабындагы кабыргасында жана баш мээсинин сол тарабында жаракаттары аныкталып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Дайындалган соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү учурунда анын баш мээсинен коргошундан болгон ок атуучу куралдын огуна окшош ак түстөгү металдан жасалган зат алынган.
Териштирүү учурунда маркум 25-майда эс алуу үчүн жайлоого кеткен. Кайра 5-6-июнь күндөрү аялы менен байланышып, баласын жанында жүрүү үчүн жайлоого чакыртып алган. 10-11-июнь күндөрү жубайы күйөөсү менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын жүрөгү сыгылып, жашоодон тажап өзүн-өзү асып же атып алууну көздөп жаткандыгын айткан.
12-июнь күнү каза болгон жарандын Кубан аттуу досу телефон аркылуу жакындарына чалып, өзүн-өзү куралы менен атып алганын билдирген.
Учурда бул окуя боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.