Бүгүн, 20-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Бул боюнча Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −8… −13, күндүз 0… −5;
Талас жергесинде түнкүсүн −9… −14, күндүз 0… −5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −1… −6, күндүз −1… −4;
Нарын аймагында түнкүсүн — 16… −21, күндүз −9… −14;
Ысык-Көлдө −4… −9, күндүз −3… +2;
Бишкек шаарында түнкүсүн −10… −12, күндүз −3… −8 градус болот.



