Кадамжайда дайынсыз жоголгон эки өспүрүм балдар аман-эсен табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Ак-Турпак айыл аймагынын Өрүкзар айылынын 12 жаштагы жана 13 жаштагы эки өспүрүм курактагы жашоочулары 2-декабрь күнү үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз жоголгон.
Бул факты Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, издөө иштери жүргүзүлгөн.
Изделип жаткан эки өспүрүм Кадамжай шаарындагы автобекеттен табылды. Учурда текшерүү иштери жүрүүдө.