Президент Садыр Жапаров Ош базарын шаардын сыртындагы жаңы жайга көчүрүп, азыркы базардын ордун сейил бакка айландыруу тапшырмасын койгон.
Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, жаңы «Ош базары» – аэропортко кетип жаткандагы жолдун боюна курулууда. Инфраструктурасы толугу менен жаңыртылган, ыңгайлуу жана заманбап соода борбору болот. Азыркы Ош базарга караганда аянты 4-5 эсеге чоң.
«Ош базары 1983-жылы расмий негизделгенден бери шаардыктарга үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүп келет. Бирок учурда базардын инфраструктурасы заманбап талаптарга жооп бербей, соодагерлер жана сатып алуучулар үчүн ыңгайсыз.
Жайында ысык, кышында суук, кардан, жамгырдан коргогог эч шарты жок. Жаңы базар жабык, жайында кондиционер, кышында жылуу болот. Азыркы базар, шаардагы жол тыгындарынын негизги себептеринин бири деп айтсам дагы болот.
Ал эми жаңы соода комплексинин курамына ар кандай дүкөндөр, соода павильондору, кафелер, унаа токтотуучу жайлар жана башка кызмат көрсөтүүчү жайлар кирет. Калганын ушул базарды куруп жаткан президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин оозунан угасыздар», — деп жазды ал.
https://www.instagram.com/reel/DHfj_GAMy04/?igsh=NHlrdWlia29xb3J0