22-март, ишембиде, республика аймагында күн ачык болот.
Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +23…+28, Талас аймагында +22…+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +11…+16, градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +26…+28 градуска көтөрүлөт.