7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Дарыгер күнөөлүүбү?». Караколдо 18 жаштагы келин төрөттөн каза болду

1212

Кечээ, 3-августта дарыгерлердин шалаакылыгынан Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы төрөтканада 18 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.

Жарыяланган видеонун негизинде аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ошондой эле маркумдун жакындары буга ылайык расмий арыз менен кайрылышкан эмес.

Видеого тарткан күбө Каракол ооруканасында жаш кыз эч ким карабай койгондугу үчүн  төрөттөн көз жумганын айтып. “Менин бир тууган карындашым дагы ушул ооруканада, аны дагы эч ким карабай жатат. Бейтаптарга мындай мамиле кылуу туура эмес да. Дарыгерлердин айынан канчалаган жаш келиндер өлүүдө”, — деп ачууланган.

Милициянын айтымында, окуяга тиешеси бар дарыгерле менен медайымдар суралып жатат, жана алар анын өмүрүн сактап калуу үчүн  колдорунан келген жардамды көрсөтүшкөнүн билдиришкен.

Белгилей кетсек, маркум кыз төрөгөн. Наристенин абалы канааттандыраарлык экени айтылат.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1213