Аты жетпеген жерге каты жетип, Алайдын гүл жыттанган абасына дагы, атпай журттун күндө айтылган Манасына дагы, каны , жаны ширелген Датка, каада салт, Наркты билген, кандай болуп кетет деп, камдуу жүргөн, жигиттерин ээрчитип, таң заардан аттанып чыкты.
Чеке белдеги чет элдин:
ЖЕРГЕ КЫЗЫГЫП, БЕЛГЕ ЧЫККЫСЫ КЕЛГЕНИН КӨРДҮ…
КӨЛГӨ КЫЗЫГЫП, ТӨРГӨ ӨТКҮСҮ КЕЛГЕНИН КӨРДҮ…
СУУБУЗГА СУГУ ТҮШКӨНҮН КӨРДҮ…
СУРАБАЙ МӨМӨ ҮЗГӨНҮН КӨРДҮ…
Ар тараптан кашаалап, капшыт кысылды. Бала кезинен барган жердин аксанатай аздегине көнгөн Датка, калкына дагы ушундай мартабаны, кадырды тилек кылды.
Жумган көздү ачпай, сунган бутту тартпай, коймаарек жатчу мезгил эмес. Азыр элде, биликтин жарыгы менен билимдин аныгын алган балдар көбөйсүн! Каймагы кетип сүтү калса, көк жалы кетип ити калса, ишибиздин кедергиси ошо!
Жол узун. Баш аягы жок, баш чыңаган ойлор…
УЛУУ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИН ТҮЗӨЛҮ…
УРУУЛАРГА БИРИККЕН УЮТКУЛУУ ЖУРТТУ КУРАЙЛЫ…
УРПАКТАР ҮЧҮН УЛУТТУН УРКУН КӨТӨРӨЛҮ…
Сары-Өзөн Чүйдүн эли, ат арытып, Алайдан келген Алымбек датканы, алтымыш боз үй тигип, Асаба көтөрүп, алдынан ат чаптырып, ардактап тосуп алышты.
Хан Жантай менен Алымбек датканы кеби туюк өттү… Датканы уккан эл: — «Ичинен ийиди, сыртынан муюду». Көсөмдүн көөдөн тиреген чакырыгы үчүн, мүдөөсү үчүн, кыл тиштеген кыялы үчүн, кыйылып башы кетти го… Датканын Наркка айланган өмүрү да ,өлүмү да, өздүгүбүздү таанытып, өзөгүбүзгө үндөп турат. Улуу журттун уул, кызы!, — Аргындашпай, ар намыска келип, УЛУТТУ көтөрөлү!