7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК «Бишкек шаардык лифт» ишканасынан коррупциялык схеманы аныктады

297

«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасында бюджеттик каражаттарды чыгарып алуу боюнча коррупциялык схема токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишканадан борбордун турак жай фондун модернизациялоонун алкагында Бишкек шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнө лифт орноткон уюмдарга төлөп берүүгө арналган бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул схеманы жеке мыйзамсыз баюу максатында ишкананын мурдагы жетекчиси С.М.А жана азыркы учурда иштеп жаткан башкы бухгалтери уюштурушканы аныкталды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган.

Шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Бишкек шаарынын мэриясы жыл сайын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен 100гө жакын лифтти алмаштырат.

Лифттерди алмаштыруу боюнча иштерди уюштуруу жана ишке ашыруу «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасына жүктөлгөн, ал өз кезегинде лифттерди орнотуу үчүн ар кандай иш аткаруучуларды жумушка тартат. Аталган тараптар ар бир лифтти алмаштыруу боюнча чыгымдардын сметасын 267 миң сом эсептеп чыккан, мында иш аткаруучу уюмдарга иш жүзүндө 135 миң сом төлөнүп берилип, калган бөлүгү ар бир лифттен 132 миң сом өлчөмүндө жогоруда белгиленген жооптуу адамдар тарабынан «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасына ыйгарылган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын кабинеттеринде ишкананын мурдагы жетекчилиги үзгүлтүксүз негизде алыш-бериш эсебинен 150 миң сомдон 2 млн сомго чейин акча каражатын негизсиз алгандыгын тастыктаган финансылык документтер табылган.

Топтолгон материалдардын негизинде «Бишкекшаарлифт» ишканасынын мурдагы директору С.М.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

УКМК тарабынан кылмыштын башка жагдайларын изилдөө, ошондой эле кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Атайын кызмат мамлекеттик жана муниципалдык органдарда коррупцияга каршы максаттуу иштерди тынымсыз жүргүзүп жатат. Мындан улам коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө мыйзамдары катаалдашканын эскертет.

298