7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат аял күйөөсүн өлтүртүү үчүн 400 миң рублга «киллер» жалдаганы белгилүү болду

157

Россияда Чапаев шаарынын VI чакырылышынын депутаты Наталья Гурьянова күйөөсүн өлтүртүү үчүн 400 миң рублга «киллер» жалдаганы белгилүү болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышууда.


Маалыматка ылайык, ал күйөөсүн өлтүртүү үчүн курбусу менен бирге алдын ала даярдык көрүшкөн.


Аялдарга карата Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүүгө алдын ала макулдашып топ түзүү, адам өлтүрүүгө киши жалдоону уюштуруу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, 44 жаштагы депутат аял, жолдошу экөөнүн биргелешип алган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкттөрүн, ошондой эле күйөөсүнө таандык акчага ээлик кылгысы келип, 40 жаштагы курбусу менен биргеликте аны өлтүрүүнү уюштурууну чечкен. Адам өлтүргүчтү табуу жоопкерчилигин курбусу өз мойнуна алып 2020-жылдын 20-январында «Дмитрий» аттуу киллер менен таанышышып, 200 миң рубль колуна карматышкан. Макулдашылган соң ага күйөөсүнүн жашаган жерин, иштеген жерин жана ал колдонгон унаалары жөнүндө маалымат беришкен.


27-январда аялдар ыкчам эксперименттин алкагында иш алып барган Дмитрийге киши өлтүрүү үчүн алдын-ала төлөм катары 200 миң рубль тапшырышкан. Бирок Дмитрий адам өлтүрүүдөн баш тартып акчаларын милиция кызматкерлерине өткөрүп берип салган. Көп өтпөй алар Самара облусу боюнча дирекциясынын кызматкерлери тарабынан кармалышкан. Сурак учурунда кармалгандар көрсөтмө берүүдөн баш тартышкан. Курбуларга 20 жыл эркинен ажыратуу чечими чыгарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

158