7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат: Байрак кол жоолук эмес, ким каалагандай пайдалангыдай

561

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо социалдык баракчасына пост жүктөгөн. Андагы сүрөттөн Кыргызстандын туусунун өзгөрүүгө сунуштап жаткан версиясын Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан спорттук мелдеште илингенин көрүүгө болот.

Депутат буга төмөнкүдөй билдирүү калтырган: “Байрак кол жоолук эмес, ким каалагандай пайдалангыдай. Эгер бул маалымат чын болсо, чара көрүлүшү керек”.

Белгилесек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов туудагы айрым элементтерге тактоо киргизүүгө байланышкан мыйзам долбоорун демилгелеп жатышканын билдирген.

Президент Садыр Жапаров тууну өзгөртүү идеясын колдой турганын айткан.

562