7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат: Бети, моюну кескиленген келиндин окуясына милиция кайдыгерлик кылган

589

Бүгүн , 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Селекция айылындагы чуулгандуу окуя көтөрүлдү. Анда депутат Алимжанова Нилуфар аталган окуя боюнча чара көрүүнү талап кылды.

“Кечээ каргашалуу окуя болду. Селекция айылында эркек киши өзүнү жубайынын бетин, кулагын кесип, коомдо резонанс жаратты. Милицияга бир нече жолу кайрылса, кайдыгер болгон. Эмнеге өлкөбүздө мындай учурлар социалык тармакка чыкканда эле көзөмөлгө алынат? Мен талап калам. Милициянын, министриликтин жоопкерчилигин караш керек. Эмнеге биздин аялдар ушинтип кыйналат? Же сөзсүз бирөө өлүш керек же жаман окуя болгондо гана көзөмөлгө алынганы туура эмес. Буга баарыбыз жардам берели. Кайдыгер болбойлу” – деди депутат.

Белгилей кетсек, Селекцияда бети менен моюну кескиленген аялдын абалы орточо оордукта. Ага 8 саатка созулган операция жасалды. Жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнөн жаак-бет хирургия бөлүмүнө которулуп, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

590