7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат: «Бишкектин мэри үч айда жол тыгынын чечпесе, кызматтан кетет дегенсиздер»

550

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Русланбек Жакышов Бишкекте акыркы убакта жылыш жок экендигин айтты.

«Бишкекте акыркы убакта жылыш жок, уктап калгандай сиз буга чейин Бишкек шаарынын мэрин 3 айлык мөөнөт менен алып келдик, жол тыгынын чечпесе, анда кызматтан кетет дедиңиз эле. 3 ай эмес, 6 ай болуп калды. Мурда «час пик» учурунда гана жол тыгын болсо, азыр эртеден кеч жол тыгын болуп жатат. Жол тыгынын чечмек турсун, бул мэр аны күчөтүп салды. Буга кандай чара колдонсо болот?» — деди депутат.

Акылбек Жапаров Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев сунуштарын бергенин жана аны жактырганын айтып, Бишкектеги жол тыгыны жакынкы 3 жыл ичинде чечилээрин билдирди.

551