Мал уурдоо кыз ала качуудан дагы оор кылмышбы?
Бүгүн Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешев ала качууга 7 жыл берилсе, каралып жаткан мыйзам долбоорунда мал уурдоого 12 жылга чейинки жаза сунушталганы ашыкча болгонун айткан. Ага депутат Мейкинбек Абдалиев мындай жооп берди.
“Көпчүлүк ата-бабаларыбыз, анын ичинде биз деле “аял ала качып келдик” деп айтчубуз. Ал биздин каада-салтыбыз болгон. Сиз аны менен салыштырбаңыз. Малды уурдап атат, аялды уурдап бир жакка алып барып сатпайт да, туурабы? Аны үйлөнүү үчүн алышкан”, — деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram