7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат ооруканалардагы жан кейиткен учурлар тууралуу маселе көтөрдү

539

Депутат Максатбек Сарбагышев бүгүн, 2-ноябрь күнкү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында саламаттыкты сактоо тармагындагы элдин канын соргон жагдайлар тууралуу маселе көтөрдү.

“Ооруканага жатып дарылануу суммасы 14 500 сомго көтөрүлүптүр, карапайым элге бул сумма оор. Мед.камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, элдин түшүнүгү жок. Ооруканаларда дээрлик шарт жок, дары-дармекти элдин өзүнө саттырып алып жатасыңар”, — деди эл өкүлү.

Ошондой эле Сарбагышев ооруканада лифт иштебей комада жаткан бейтапты тепкичтен көтөрүп түшүрүлгөнүнө күбө болгонун айтты.

“Кечээ Нейрохирургия бөлүмүндө отурсам реанимациядан чыгарып операцияга киргизиш үчүн 2-кабаттан көтөрүп түшүштү. Ошол 10 мүнөттүн ичинде өлүп калса эмне болот”, — деди ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоорун экипчи окууда кароодо.

540