7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат: Орусияга кирген мигранттар 5,6 сааттан суракка алынып жатат

460

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Жанар Акаев Орусияга барган кыргызстандык мигранттар көйгөйлөргө туш болуп жатканын айтып, чечүүгө үндөдү.

«Орусияда биздин 100 миңдеген мигранттар бар эмеспи. Алар аэропортко келгенде көптөгөн көйгөйлөргө туш болууда. Көпчүлүгү 5-6 сааттап суракка алынууда, кайра артка жөнөтүлгөндөр бар. Токтотуп, телефонун текшерип, «намаз окуйсуңбу, диний ишмерлердин кимисин тааныйсың?» деген бир канча сурактар болот экен. Ошондуктан Орусиянын өкмөтү менен сүйлөшкөндө, маселени кабыргасынан коюп, чечкенге аракет кылсаңыз»,- деди ал Акылбек Жапаровго.

Эскерте кетсек, Акылбек Жапаров 11-декабрда Москвага иш сапары менен кетет.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

461