Парламенттин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Бишкекте SuperTV’нын журналисти сабалып, кылмышкерлер 1 жумадан бери табылбай жатканын айтты.
Депутат Сурабалдиева, ИИМдин өкүлүнө «Журналисттерди сабап кетишти деп көп айтылып жатат. Макул эми саясат эмес деп жооп берсеңиздер, азыр эле жаңылыктарга чыгып жатат, SuperTV телеканалынын журналисти Бактурсун Жоробековдун телефон, капчыгын уурдап, 4 адам сабап кетиптир. Азыркыга чейин табыла элек дейт, 26-октябрдан бери канча убакыт өттү?! 1 жумадан бери таба албай жатасыздарбы кылмышкерлерди? Ошондой эле дагы бир маселе, эл айтып жатат, Ош базарларда уурулук көбөйүп кетти, же милиция алар менен иштешип калганбы деп» — деген суроо салды.
«Учурда ыкчам-тергөө амалдары жүрүп жатат. Окуя түн ичинде болгон, чын эле сабап кетишиптир. Учурда толук кандуу иштер жүрүп жатат. Жакында кылмыш иштин бети ачылат. Кээ бир кылмыштарга ушундай убакытты талап кылат экен. Ал эми, кийинки маселе боюнча текшерүү жүргүзүп келебиз…», — деди ИИМдин башчысынын орун басары Нурбек Абдиев.
Эскерте кетсек, 26-октябрда Бишкекте SuperTV’нын кабарчысы Бактурсун Жоробеков 4 белгисиз жаран тарабынан сабалган.