7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат унааларды эвакуациялоо бизнеске айланганын айтып, токтотууну сунуштады

299

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев унааларды эвакуациялоо бизнеске айланганын айтып, мындай ыкманы токтотууну сунуштады.

Эл өкүлү автоунааларды эвакуациялоо үчүн 2000 сомдон алынарын белгилеп, бул өзүнчө бизнеске айланганын билдирди. Анын айтымында, мындай ыкманы токтотуп, машина токтотулган жерден эле айып пул төлөтүү тартибине өтүү зарыл.

“Эки чакырым жерден сүйрөтүп кетишет экен дагы, эвакуатор кызматы үчүн 2000 сомдон алышат экен. Бул тарифти ким койгон? Антимонополия бул маселени карашы керек. Ага кошумча айдоочулар айып пул да төлөшөт. Бул аз келгенсип сүйрөтүп бараткан учурда унаалар бузулуп жатканын да айдоочулар айтып нааразы болууда. Андыктан  эвакуацияны жокко чыгаруу керек”, — деди Бекешев.

Эл өкүлүнүн сунушун колдойсузбу?

300