7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттар КТРКны катуу сынга алып, 44,5 миллиондук мыйзам бузуу аныкталганын айтышты

624

Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) 2020-жылдагы иши жөнүндө Байкоочу кеңешинин отчёту каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, депутат Абдывахап Нурбаев КТРКны: “Азыр азык-түлүк кымбаттап, бардык багытта баалар өсүүдө. А эмне үчүн бул жаатта атайын программаларды тартуулабайсыңар? Жаштарды жакшы жакка үндөгөн социалдык роликтерди эмнеге көрсөтпөйсүңөр?” – деп сынга алган.

Өз кезегинде КТРКнын башкы директору жалпы 760 киши эмгектенээрине токтолуп: “Жалпы бюджетибиз 523 млн сом. Анын ичинен 371 млн сом мамлекеттик бюджеттен каралат. Эл аралык келишимдерден 59 млн сом, жарнамадан 52 млн сом түшөт”, – деди.

Андан сырткары, депутат Осмон Турдумамбетовдун 2020-жылы кандай каржылык мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу суроосуна Эсеп палатасынын өкүлү: “Иш сапарларынын чыгымдары боюнча 404 миң сомдук, дебитордук карыздарды жашыруу 914 миң сомдук, эмгек акы төлөөдө 44,5 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталган” – деп жооп берди. Ал эми КТРКнын башкы директору аталган каржылык мыйзам бузуулар толугу менен калыбына келтирилгенин белгиледи.

Депутат Дастан Бекешев КТРК коомдук канал деген макамга жооп бербей тургандыгын жүйө келтирип: “Саясатты эле чагылдырууну чектемейинче канал оңолбойт” – деди.

Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Жанарбек Акаев КТРКны кайрадан мамлекетке айлантуу демилгелениши мүмкүндүгү айтылып жатканын билдирип: “Мунун чындыгы барбы?”- деген суроо берди.  Бирок Байкоочу кеңештин төрагасы андай маалыматы жок экенин кошумчалады.

Муну менен катар Кубат Болотканов “КТРКнын кызматкерлеринин маянасы өтө төмөн. Ал жерде ишине берилгендер гана иштейт. Андыктан КТРК өзү тапкан каражатты бюджетке чегербей, корпорациянын иши үчүн жумшалып, айлык маяналар көтөрүлсө жакшы болмок. Анткени, былтыр 59 млн сом бюджетке чегерилген. Эгер каражаттар КТРКда калтырылса, кызматкерлердин айлыгын 40%га көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк”, – деди.

Талкуудан соң Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) 2020-жылдагы иши жөнүндө КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчётун эске алуу сунушу менен добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

625