20-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин каршы пикири менен кайтарылган «КРнын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөгү» мыйзамдын макулдашылган варианты каралып, колдоо тапты.
Жыйында аталган маселе боюнча депутат Марлен Маматалиев баяндама жасады.
Алсак, Жогорку Кеңештин Регламенти парламент тарабынан КРнын Конституциясында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун тартибин жана жоболорун аныктайт.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин 8-сентябрдагы жыйынында президенттин каршы пикири менен кайтарылган «КРнын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөгү» мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобу түзүлгөн.