7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттардан түзүлгөн командалар ортосунда кичи футбол мелдеши өттү

403

Жогорку Кеңештин депутаттары жана Аппарат кызматкерлери арасында түзүлгөн командалар ортосунда кичи футбол мелдеши өттү.

Төрага Нурланбек Шакиевдин колдоосу менен өткөрүлүп жаткан спорттук иш-чарага жалпы сегиз команда катышты.

Мелдештин ачылышында төрагынын орун басары Нурланбек Азыгалиев уюштурулган иш-чара сергек жашоо образын жайылтуу максатын көздөй тургандыгын билдирип: “Акыркы жылдары мамлекет тарабынан спортко, анын ичинен футболго өзгөчө көңүл бурулууда. Салттуу түрдө “Мурас” достук турнири өтүп, ага да Жогорку Кеңештин командасы активдүү катышып келет”, – деди.

“Аппарат” командасы биринчи орунду багынтса, экинчи орунду “Альянс – Бүтүн Кыргызстан – Бир мандаттуулар” курама командасы, үчүнчү орунду “Ишеним – Ыйман-Нуру” курама командасы менен “Ынтымак” командасы алды.

Жеңүүчүлөргө кубоктор жана медалдар ыйгарылды. Мыкты оюнчуга, мыкты чабуулчуга, мыкты коргоочуга жана мыкты дарабазачыга да сыйлыктар берилди.

404