7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Димаш Кудайберген кыргыз элине кыргыз тилинде салам жолдоду

988

Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген кыргыз элине  кыргыз тилинде салам жолдоду. Бул тууралуу Султан Раев өз баракчасында видео менен бөлүштү.

 «Мейкин Азия” фестивалын 2013-жылы Ысык-Көлдө уюштурганыбызда Казакстандан 19 жаштагы Димаш Кудайберген катышкан. Фестиваль биринчи жолу уюштурулуп жатса да ага мыкты ырчылар катышкан. Алардын арасында Евровидениеде 2-орунду ээлеген украин ырчысы, кытайлык ж.б.ырчылар чындыгында өтө күчтүү ырчылар эле. 

    Димаш менен быйыл Астанада бир чоң жыйында жолугуп, “Мейкин Азия” фестивалын сөз кылып, “өзүң Баш байгени биринчилерден болуп алган фестивалды быйыл да өткөрүп жатабыз, “Ардактуу конок” катары катышып бер, кыргызстандык музыка сүйүүчүлөр сени сагынды” дегем. Димаш өтө таланттуу гана эмес, ошол учурда өтө жөнөкөй да… “Мен да Ысык-Көлдү сагындым, бирок “менин графигим аябай тар. Эгерде графиктен тышкары бош убактым болсо сөзсүз катышам” деген эле. 

     Бир эки күн мурда суйлөшкөндө ал мага ушул видео куттуктоону жана жаңы жазган ырын жиберди. Кече фестивалдын ачылышында куттуктоону да, ырын да Димаштын саламы менен кошо бердик.

Димаштын дүйнөлүк жылдызы алгач “Мейкин Азия” фестивалында 2013-жылы жанып, Гран Прини жеңип алган!”,-деп берилет маалыматта

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

989