7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Саралаев: “Сапар Исаков премьер-министр кезинде пансионаттарды 100 %түбөлүк өткөрүп берген

773

Ысык-Көлдөгү пансионаттар тууралуу билгени да, билбегени деле талкуулап жатышат. Айрыкча бийликти  сындап калалы дегендерге табылбай эле калгандай — “ижарага берип жиберди”,-деп айткандар да болду. 

Эмесе билип туруп бурмалап жаткандарга жана маалыматы жокторго түшүндүрүп берейин. 

Өзбекстанга таандык 4 пансионатты убагында Кыргыз өкмөтү алып койгон. 

Ал кезде Ислам Каримов президент эле, эки өлкөнүн мамилеси ит-мышык болуп турган кез. Өзбек тарап сотко берип утуп алып, Кыргызстан 40 миллион долларга доого жыгылган. 

Кийин, Сапар Исаков Премьер-министр кезинде пансионаттарды 100% түбөлүк өткөрүп берүүгө кол койгон. 

Ошондо, бизде эки жол бар болчу:

— 4 пансионатты түбөлүк менчикке берүү;

— Же, Өзбекстанга 40 миллион доллар төлөп берүү.

Азыркы  учурда бийлик кандай кылды? 

Пансионаттарды биротоло эмес, 49 жылга ижарага берди, андан соң 100% мамлекетке калат. 

Өзбекстан эски пансионаттарды оңдоп, ордуна 5 жылдыздуу мейманканаларды курат. Жумушчулар 80%дан ашык жергиликтүү элден болот. Мамлекетке салык жана башка төлөмдөрдү төгүшөт. Миңдеген туристтер агылып келет, миллиондогон акчаларын Кыргызстанга ташташат. 

Муну Өзбекстандын инвестициялык долбоору катары эле түшүнсөк болот, пайдасы элге эле калат. Андыктан маалыматтарды бурмалай бербей, натыйжаларына маани берсек туура болоор.

Баса.

Мурункулардын түбөлүк менчикке кармата берген чечимине караганда, азыркы чечим миң эсе пайдалуу деп эсептейм.

Автор: Тимур Саралаев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

774