7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Динара Кемелова Кыргызстандын Вьетнамдагы элчиси болуп дайындалды

667

Кыргыздын Түштүк-Кореядагы элчиси Динара Кемелова Кыргыз өлкөсүнүн Вьетнамдагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты президенттик аппараттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кемелова Динара Амантурованын резиденциясы Сеул шаарында жайгашып, ишти айкалыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Вьетнам Социалисттик Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды”, — деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Кемелова Кореядагы элчилик кызматта 2019-жылы январь айынан бери иштеп келе жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

668