Диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын тараткан аккаунттун ээси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү теологиялык экспертизанын жыйынтыгында, аккаунт аркылуу жарыяланган материалдарда диний-экстремисттик уюмдун символдору, экстремисттик чакырыктар табылган.
УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгүндө (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР аймагына кирүүдө, Ош шаарынын аэропортунан “Новосибирск-Ош” авиакаттамы менен учуп келген, диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын таратуу менен алектенген Кыргызстандын Ж.М.П. аттуу жараны кармалды.
Учурда кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.