7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: «Биз эч качан Тажикстан тарапка биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз»

381

«Бизде тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар. Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз»,-деди президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөп жатып.

«Бизде тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар. Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз. Ар дайым курал колдонуудан алыс болууга аракет жасап келебиз жана эч качан куралсыз жай тургундарды атпайбыз! Бизге дайыма тажик тараптын жасаган агрессиясына адекваттуу жооп кайтаруу менен гана чектелип жатабыз. Ушуга байланыштуу төмөнкүлөрдү баса белгилейм. Кыргыз тарап бөтөн жерге көз артпайбыз, бирок бир да сантиметр оз жерибизди бирөөгө бербейбиз. Биз бардык чек ара жана чарба маселелери сүйлөшүүлөр менен гана чечилиши керек деп эсептейбиз. Бүгүнкү күндө чек арага жакын райондордо коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү, жергиликтүү калк арасында чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай аракеттерге бөгөт коюу, эки мамлекеттин ортосундагы ишенимди бекемдөө маселелери абдан маанилүү болуп турат. Ошондуктан биз сүйлөшүүлөргө,  чек ара тилкелерибизди тез арада такташып бүтүүгө дайым даярбыз»,-деди президент.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

382