7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Биз бардык кызыкдар тараптар менен ишкердик кызматташууга, инвестициялык өнөктөштүккө ачыкпыз»

472

«Өлкөбүздүн өздүк потенциалы туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуунун негизги булагы жана кыймылдаткычы болушу керек деп эсептейм. Биз бардык кызыкдар тараптар менен ишкердик кызматташууга жана инвестициялык өнөктөштүккө ачыкпыз»,-деди Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөп жатып.

«Өлкөбүздүн өздүк потенциалы туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуунун негизги булагы жана кыймылдаткычы болушу керек деп эсептейм. Бул максатта биздин аракеттерибиз экономиканы ылдам, сапаттуу өстүрүүгө, анын ичинде ага өз ара пайдалуу региондук жана эл аралык соода-инвестициялык кызматташуу аркылуу жетишүүгө багытталат. Мисалы, Кыргызстан интеграциялык жана кооперациялык процесстерге, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин жана Кытай Эл Республикасынын “Бир алкак – бир жол”демилгесинин алкагында активдүү катышууда. Биз бардык кызыкдар тараптар менен ишкердик кызматташууга жана инвестициялык өнөктөштүккө ачыкпыз. Белгилүү болгондой, Борбордук Азиянын деңиз менен байланышы жок, ушуга байланыштуу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маанилүү региондук долбоор болуп саналат.

Аны ишке ашыруу Улуу Жибек Жолунун каттамында жайгашкан Борбордук Азия үчүн эл аралык соода-инвестициялык, транзиттик жана туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет. Жүргүзүлүп жаткан саясаттын алкагында “жашыл”, “санариптик” жана “креативдүү”экономиканы өнүктүрүүгө артыкчылыктуу көңүл бурулат. Өлкөдө “жашыл экономика” локомотиви болгон гидроэнергетика тармагы активдүү өнүгүүдө, чакан жана орто ГЭСтер пайдаланууга киргизилүүдө. Эң ири Камбарата ГЭСин курууга биздин ынак коңшуларбыз – Казакстан жана Өзбекстан катышат, анткени бул регионду энергетика менен камсыз кылууну бекемдейт жана суу ресурстарын пайдаланууну оптималдаштырат. Эки ай мурда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын төрагалыгы менен Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультациялык жолугушуусу болуп өттү, ал өз ара биримдик, түшүнүшүү, ишеним жана колдоо бар экенин көрсөттү.Чолпон-Ата шаарындагы “Жыйырма биринчи кылымда Борбордук Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге” бардык тараптардын кол коюусу мамлекеттер аралык алакабыздын жаңы барагын ачат деп ишенем. Биз ушул форматтагы ишти улантууга даярбыз»,-деди президент.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

473