«Жарандык жана аскердик объекттерге: үйлөргө, административдик имараттарга, мектептерге, чек ара тозотторуна чоң материалдык зыян келтирилди. Кандай гана болбосун материалдык зыяндын ордун толтурса болот экен. Бирок өз өмүрүн аябастан Мекени үчүн согушуп курман болгон биздин эр жүрөк жоокерлерибиздин, аткылоого кабылган жарандарыбыздын ордун толтура албайт экенсиң»,-деди президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөп жатып.
«Ал эми ушул жылдын 14-, 15- жана 16-сентябрында Кыргызстандын түштүгүндө масштабдуу аскердик кагылышуу болгондугун терең кайгыруу менен кабарлайм. Мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, тажик тарап, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады. 140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды. Аларга керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатат. Ушуга байланыштуу тилектештик жана моралдык колдоо көрсөткөндүгү үчүн БУУ системасына, досторубузга, өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем. Жарандык жана аскердик объекттерге: үйлөргө, административдик имараттарга, мектептерге, чек ара тозотторуна чоң материалдык зыян келтирилди. Кандай гана болбосун материалдык зыяндын ордун толтурса болот экен. Бирок өз өмүрүн аябастан Мекени үчүн согушуп курман болгон биздин эр жүрөк жоокерлерибиздин, аткылоого кабылган жарандарыбыздын ордун толтура албайт экенсиң. Биз каарман жоокерлерибиздин эрдиктерин эч качан унутпайбыз»,-деди ал.