Астанада өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан медалдардын саны боюнча 2-орунду ээледи.
Кыргызстан мелдеште 65 медаль утту. Анын 19у алтын, 21и күмүш, 25и коло. Оюндарда 1-орунга Казакстан чыкты. Аларда 112 медаль бар. Үчүнчү орунда Россия — 49 медаль, төртүнчүдө Өзбекстан — 34 медаль, бешинчи орунга 6 медаль менен Түркия жайгашты.
Андан кийинки саптарда Иран, Венгрия, Түркмөнстан, Румыния, Польша бар.