7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дмитрий Бивол Артур Бетербиевди жеңип, дүйнөнүн Абсолюттук чемпиону болду

429

Дмитрий Бивол жарым оор салмакта дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамы үчүн реванштык беттеште канадалык Артур Бетербиевди жеңип алды.

Беттеш Эр-Рияддагы (Сауд Аравиясы) бокс кечесинин негизги окуясы болуп калды. Беттеш толук 12 раундга созулуп, андан кийин калыстар тобу Биволдун пайдасына чечимди чыгарышты: 114:114, 116:112, 115:113.

Бетербиев профессионалдык рингде алгачкы жеңилүү ызасын тартты. Азыр анын эсебинде 21 жеңиш жана бир жеңилүү бар. Биволдун эсебинде 24 жеңиш жана бир жеңилүү бар. Тагыраагы, мушкерлер бири-биринин колунан жеңилүү ызасын тартышкан.

Ошентип, Дмитрий Бивол дүйнөнүн Абсолюттук чемпиону аталды.

Беттештин алып баруучусу легендарлуу Майкл Баффер мушкерлердин атын атап, тааныштырып жаткан учурда, «Дмиртий Бивол, Кыргызстан” деп жар салды. Бул учур эң сонун көз ирмемдер менен коштолгону соц тармактарда талкууланууда.

430