7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Дордой” базарында салык чогултууга жооптуу 5 кызматкер кармалды

577

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын буга чейин “Дордой” соода-базар комплексинде салык чогултууга жооптуу болгон 5 кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары тарабынан уюштурулган салык төлөөдөн качуунун коррупциялык схемасы аныкталып, бөгөт коюлду.
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө салык реформасын ишке ашырууга терс таасирин тийгизген, Мамлекеттик салык кызматынын “Дордой” соода-базар комплексинин аймагындагы салыктарды тескөө үчүн жооптуу айрым кызмат адамдары тарабынан жеке баюу максатында, ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүү менен коррупциялык схеманы уюштурушканы аныкталды.
Бул коррупциялык схема 5-6 жыл туруктуу туруп, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ар бир мыйзамсыз аракеттери үчүн акчалай сыйлык алып турган.
Маалымат катары: “Дордой” соода-базар комплексинин бир базарынын аймагында 600дөн ашык соода жайлары бар, ал эми салык 400 гана ишкерден түшүп турган.
Жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын 5 кызматкерин жоопкерчиликке тартууга жетиштүү далилдер алынган.
Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмышты жасаган деген шек менен сотко чеийинки өндүрүштүн алкагында Салык кызматынын М.А.Ч., Ж.А.М., Т.Н.Г., К.А.К. аттуу кызмат адамдары жана Салык кызматынын азыркы жетекчилеринин бири А.А.Б. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

578