7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дордойго каттаган маршруткалар жол кирени өз билемдик менен көтөрүп алган

725

«Дордой» базарына каттаган маршруткалар жол кирени өз билемдик менен көтөрүп алышкан. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Мэриянын маалыматына караганда, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти «Дордой» базарынын аймагындагы коомдук транспортко рейд жүргүзгөн. “Дордой” базарынын аймагындагы коомдук транспорттун акыркы пункттарында маршруттук каттамдардын тарифтери боюнча каттамдардын пландуу аткарылышын көзөмөлдөө жана уруксатсыз көбөйтүүгө жол бербөө максатында текшерүү жүргүзүлгөн. Мониторингдин жүрүшүндө №252, №226, №230, №203 жана №234 маршруттук линиялар белгиленген кыймыл интервалдарына жана пландалган чыгууларга туура келбегендиги аныкталган.

Мындан тышкары, №226, №234, №252 жана №230 каттамдар коомдук транспорттун бекитилген шаардык тарифин өзүм билемдик менен жогорулаткан. Анын жыйынтыгында мыйзам бузуулар кайталанган учурда катаал чаралар көрүлүп, анын ичинде ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча эскертүүлөр берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

726