7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Достук айылынын эли үчүн турак жай комплексинин курулушу башталды

324

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Баткен районунун Достук айылынын эли үчүн турак жай комплексинин курулушуна старт берди.

Кечээ, 13-мартта тажик президентинин мамлекеттик иш сапары болгонун белгилеген Каныбек Туманбаев, чек аранын чечилгени тарыхый күн экенине токтолду.

“101 жылдан бери чечилбей келген чек ара маселесине акыры чекит коюлду. Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин жетекчилиги, УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичтин эмгеги менен талаш маселени тынчтык жолу менен чечүүгө жетиштик”- деди ал.

Айыл эли үчүн Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылындагы Чет-Булак жерлигинен ар бир турак жай үчүн 10 сотыхтан жер ажыратылып, жалпы 179 үй курулат.

Мамлекеттин чек арасын тактоого жергиликтүү элдин салымы чоң экенин дагы айтты.

“Айрым тилкелер алмашуу жолу менен чечилди. Бул оңой чечим болгон жок, ар бир метр жер үчүн дыкат сүйлөшүүлөр жүрдү. Мамлекеттин кызыкчылыгы, чек арада жашаган элибиздин коопсуздугу биринчи орунда турду. Сиздер бул чечимди туура кабыл алып, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого салым кошконуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем”,- деди Каныбек Туманбаев.

Белгилей кетсек, ар бир үй үч бөлмөлүү болуп, жашоо үчүн бардык шарты түзүлөт. Курулушту күз айларына чейин бүткөрүү пландалууда.

325