7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Достук” өткөрмө пунктунда пилоттук долбоор ишке берилди

278

«Достук» өткөрмө пунктунда «Интеллектуалдык өткөрмө пункту» автоматташтырылган системасынын пилоттук долбоору ишке киргизилди. Долбоор Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген бажы кызматын 2022-2025-жылдарга өнүктүрүү Концепциясын негизинде ишке ашты.

Долбоордун максаттары:
✔️ Бажы жол-жоболорун тездетүү жана жөнөкөйлөтүү
✔️ Чек арадан өтүү убактысын кыскартуу
✔️ Адам факторунун таасирин минималдаштыруу
✔️Ачыктыкты жогорулатуу жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу

Системанын функциялары төмөнкүлөрдү камтыйт:
🔹 Ылдамдатылган текшерүү үчүн унаанын номерин таануу
🔹 Тосмолорду жана жол чырактарды автоматтык башкаруу
🔹 Айдоочулардын чек арадан өтүү тартиби тууралуу визуалдык жана үн менен кабарлоо
🔹 Салмакты жана радиацияны көзөмөлдөө үчүн жабдуулар

 

Система реалдуу убакыт режиминде маалымат алмашууну камсыз кылуу жана бажы органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу менен мамлекеттик маалымат ресурстары менен интеграцияланат. Пилоттук долбоорду ишке киргизүү бажы кызматын санариптештирүү процессинин бир бөлүгү болуп саналат жана бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

279