7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дубайдагы эл аралык мелдеш: УКМКнын атайын багыттагы аскерлери 8-орунду багындырды

584

Дубайда өткөн “UAE SWAT Challenge 2023” эл аралык мелдеште Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын атайын багыттагы аскерлери катышкан КР командасы финалдык 8-орунду ээледи. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күч түзүмдөрүнүн атайын багыттагы аскерлери арасындагы бул бейрасмий дүйнө чемпионаты 20-24-февраль аралыгында өттү. Быйыл 28 өлкөдөн жарыяланган 65 команданын 55и мелдешке катышты.

Беш күн бою курч таймашта атайын күчтөрдүн кызматкерлери ар кандай тактикалык тапшырмаларды аткарып, тоскоолдуктарды жеңип, ар кандай куралдардан бутага сокку урушту, ошондой эле “барымтадагыларды” бошотуп, жарадарларды эвакуациялашты.

Акыркы этапта атайын күчтөрдүн кызматкерлери эң татаал тоскоолдуктардан өтүшкөн. Командалардын жарымы гана бул тоскоолдуктардан өтө алышкан. УКМКнын 9-кызматынын жигиттери төрт мүнөттөн ашык убакыт көрсөтүшүп үчүнчү орунду ээлешкен.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

585